Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

0

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-февралда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Президент Ооган согушунун ардагерлеринин аскердик милдетин аткаруудагы эрдигине таазим этип, алардын эрдиги Мекенди коргоонун бийик үлгүсү болуп кала берерин билдирди.

Ошондой эле Ооган согушунан кайтпай калгандардын, мекенине келгенден кийин курман болгондорду эскерип, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8256