Окуучуга сексуалдык ыдык көрсөткөн түрк мектебинин директору Кыргызстандан качып кеткен

0

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин алдындагы мектептин директору окуучуга зомбулук көрсөткөнүн депутат Ирина Карамушкина айтып чыккан. Лицейдин директору Өмер Айдын Кыргызстандан качып кеткендиги жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.

Жабырлануучу окуучунун чоң апасынын айтымында, Өмер Айдын окуучуга эки жолу адаттан тыш көрүнүштөрдү кылган. “Неберем андан качып кетүүгө үлгүргөн”, - дейт жабырлануучунун чоң апасы.

“Сексуалдык ыдык көрсөткөндөн тартып неберем коркок болуп, уктабай жатат. Ал менен психологодор иш алып барышууда. Балам эркектерден коркуп мектепке барууну каалабай жатат. Мага түрк элчилиги тарабынан бул ишти ачыкка чыгарбаш үчүн акча сунушташты. Көпчүлүк ата-энелер арыз муңун айткандан коркушат. Анткени, аларды Түркияга баруусун четтеп коет. Аталган лицей мыйзамсыз иш алып барып келет, - деп кошумчалады чоң апасы.

Ал эми Билим берүү минстрлиги бул мектеп тууралуу кабардар эмес экен. Тышкы иштер министрлигинен дагы билим берүү боюнча макулдук алган эмес. Бишкек мэриясы да  бул мектепти курууга уруксат берген эмес.

Учурда кыргызстандык 200 окуучу бул мектепте окуп жатышат.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8299