Көп кабаттуу үйдөн секирген кыздын абалы оор

0

Бишкек шаарынын Туңгуч кичирайонунда алтынчы кабаттын терезесинен секирген кыздын абалы оор. Бул тууралуу Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Данияр Шайбеков Азаттык радиосуна билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркаган кыз учурда реанимация бөлүмүндө жатат.

Эске салсак, 20-февралда күндүз саат 14:00 чамасында Туңгуч кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өспүрүм кыз секирип кеткен.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8314