Кыргызстандык спортчуларды Словакияда тоноп кетишти

0

Кыргызстандык суучулдарды 28-февралда Словакиядан тоноп кетишти. Бул тууралуу 24.kg сайтына спортчулардын биринин апасы маалымдаган.

Анын айтымында, кыргызстандык суучулдар Словакиянын борбору Братиславага эл аралык мелдешке барышкан.

 «Шаарга учуп келип такси менен меймканканага барышкан. 3 спортчу унаадан түшүп жүктөрүн алганы жатканда таксист катуу ылдамдык менен унаасын айдап качкан. Балдар мейманкананын кызматкерлерине полицияга кайрылып, жүктөрүн таап беришин суранышкан. Өздөрү машыгууга кетишкен. 2 сааттан кийин келгенде жүктөрү ордунда болуп чыкты. Балдардын алдында алар кечирим сурашкан», - деди апасы.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8357