Акылбек Жапаров: ар бир облусту өнүккөн өлкөлөргө берели

0

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров ар бир облусту өнүккөн өлкөлөргө берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди.

“Мен Японияга бир облусту өнүктүрүү үчүн берели деп сунуштап жатам. Мисалы, Баткен же Нарын облусун берип, Япония ал облустарды өнүктүрсүн. Америка дагы бир облусту алсын. Облустарды 6 чоң өлкөлөргө берели. 40 районду кырк элчиликке бериш керек. Кыргыздар ичибизди тарытпай, ошол облустарга көмөктөшкөн Япониянын, Германиянын, Орусиянын желегин илели. Бул сунушум колдоо тапса мыйзам жазам”, - дейт депутат.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8359