Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров президенттин жүргүзгөн саясатын колдошот

0

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деп соттолуп чыккан Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов саясатка аралашып башташат. Бул тууралуу маалымат жыйынында билдиришти.

Алардын айтымына караганда, Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн саясатын колдошот. Жемкорлукка каршы күрөш туура багытта жүрүп жатканын кошумчалашты.

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 2020-жылга чейин соттолгондугу алынбай, парламенттик шайлоого катыша албай калышса, анда саясий партиялардын бирин колдоого алышмакчы.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8361