Депутат Насыр Мусаев бир жылдан бери жумушка чыга элек

0

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Насыр Мусаев бир жылдан бери ишке чыга элек. Бирок, аны депутаттыктан ажыратпай турганын маалымат жыйынында Канат Исаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Насыр Мусаев учурда Алматы шаарында дарыланууда.

“Ал ооруп жатат, айыкканга чейин күтө турабыз. Эгерде ал депутаттык укуктарын аткара албай турган болсо, анда мандаттан ажыратууга болот”, - деди Исаев.

Эске салсак, Мусаев 2018-жылдын апрель айында депутат болгон. Ант берүүгө майыптардын коляскасы менен келген. Андан соң бир да жолу ишке чыккан эмес.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8364