Рыскелди Момбеков Энергохолдингди жоюп, энергетика министрлигин түзүүнү сунуштады

0

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков КСДПнын жыйында Улуттук энергохолдингде 43 бекерчи отурганын айтты.

“Силерден пайда жок. Силер менен Казакстандын Энергетика министрлиги жеке менчик компания деп сүйлөшпөйт. Аны Турдубаев, Калиев, Азамат Оморов түзгөн. Энергетиканы экспорттойбуз дейсиңер, свет өзүбүзгө жетпей жатса”, - деди Момбеков.

Р.Момбеков Энергетика министрлигин түзүп, Улуттук энергохолдингди жоюуну сунуштады. Биринчи вице-премьер-министр К.Боронов бардык пакеттерди Энергетика министрлигине өткөрүп, Улуттук энергохолдингди жоюу мүмкүн эмес экендигин билдирди.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8365