Орусиядагы жол кырсыгынан Кыргызстандын жараны каза тапты

0

Орусиянын Самара калаасында үч адам каза таап, 5 киши жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости маалымат булагы жазды.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Красноярский районунун 2-чакырымында катталган. “Hyundai» жана “Lada Largus” унаалары кагышып 3 киши каза таап, беш киши жабыркаган.

Жараат алгандар ооруканага жаткырылды. “Lada Largus” унаасында Кыргызстандын Өзбекстандын, Тажикстандын  7 жараны кетип бара жаткан.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8366