Камчы Көлбаевдин тобундагы адам бостерилик тургундан акча опузалап 10 миң доллар алган

0

Ысык-Көл районунун Бостери айылынан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдары 24 kg агенттигине маалымдашты.

Маалыматка ылайык, ал адам Бостери айылын көзөмөлгө алат деп айтылуудаа.

“Милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал мал чарбачылыгы менен алектенет. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү андан акча талап кылган. “Буга чейин шектүү фермердин керегине жарап, ишин бүтүрүп берген, бирок акысына бир канча уй жана кой алган. Чыгым 10 миң долларды түздү», - деп билдиришти.

Күбөлөр шектүүнү сот учурунда тергөө абагына киргизүүнү өтүнүшкөн, бирок, Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы Мээрим Акматова шектүү жаранды үй камагына чыгарды.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8371