Ката жазылган документ Жогорку Кеңеш тарабынан жазылгандыгы аныкталды

0

Жогорку Кеңештин аппараты социалдык тармактарда тарап кеткен Дастан Жумабековдун ката жазылган документи боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктаганын билдирди.

"Бул катты Жогорку Кеңештин төрагасы өз колу менен жазган эмес.Тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлери даярдап, төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган. Убакыттын тардыгына байланыштуу төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат", - деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, төрага Дастан Жумабековдун колу коюлган, бир топ ката жазылган документ социалдык тармактарга тарап кеткен.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8373