Улак тартыш учурунда башы тай казанга тийген спортчу каза болду

0

Ош облусунун Мады айылында 28 жаштагы Авазбек Майрамбек уулу 4-мартта улак тартыш оюнунда башы тай казанга тийип каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышты.

Маалыматка таянсак, улакчы 28-февралда улак тартыш учурунда башы менен тай казанга тийген. Ооруканада опреация учурнда каза тапкан.

Улакчынын артында жубайы, бир жашка чыга элек баласы калды.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8382