Министрликке Жумагуловду сунушташты

0

Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Султан Жумагулов сунушталды. Анын талапкерлиги бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында каралышы мүмкүн экенин комитет мүчөсү Аида Исмаилова super.kg порталына билдирген.  

Султан Жумагулов буга чейин "Азаттык" радиосунун, ЭлТР жана КТРК телеканалынын жетекчи кызматтарында иштеп келген.

Эске салсак, 28-октябрда Түгөлбай Казаков аталган министрликтин жетекчилик кызматынан бошотулган. Анын ордуна Элвира Сариева министр болот экен деген кептер айтылган. Кийинчерээк, Сариева министрик кызматка барбай тургандыгын айткан.

 

URL: https://kyr.bulak.kg/show/847