Мураталы Джакыпов «КТ Мобайл» ЖЧКсынын директору болуп дайындалды

0

«Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун башкаруусу Джакыпов Мураталы Манапбаевичти «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору кызматына дайындады. Бул тууралуу barometr.kgге өкмөттөн кабарлашты.

«КТ Мобайл»дын директору Нурбек Мукамбетов жумуштан  16-майда кетүү тууралуу арыз жазган эле.  

21-майда «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу болуп Николай Дмитриенко дайындалган.  

«КТ Мобайл» түзүлгөн 2018-жылдан бери 9 директор алмашканы белгилүү болду, кийинчерээк бул кызматка  Нурбек Мукамбетов дайындалган.

Джакыпов Мураталы Манапбаевич Билим берүү министрлигинде «Инклюзивд өсүш жөндөмдөрү» долбоорунда иштеген.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда "КТ Мобайл" ЖЧКсынын башкы директору Нурбек Мукамбетовдун айлыгы 350 миң сом деген маалымат тарап, бир топ ызы-чуу пайда болгон. "КТ Мобайл"  "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун филиалы.

 

URL: https://kyr.bulak.kg/show/9619