Окумуштуулар аялдар эмнеге сойку болорун аныктады: Жообу таң калдырат

0

Аялдар акча таба албай, жашоодо кыйынчылыктардан улам сойку болот деген пикир калыптанган. Бирок АКШнын Пердью университетинин окумуштуулары буга кошулбай, эл арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында аялдар бул байыркы кесипти кандайча тандаары белгилүү болду.

Изилдөөнүн жыйынтыгы таң калтырат. Көрсө аялдар денесинин сатканынын оор тагдырга тиешеси жок экен.

Социалдык психология боюнча доктор Жастин Лемилье 200 секс-кызматкердин катышуусунда иликтөө жүргүзгөн. Анда кыздардын көбү өз ыктыяры менен сойкулукту тандаганы белгилүү болгон. Бул кесип кызыктуу жана кирешелүү деп эсептеген кызматкерлер, бул үчүн өкүнбөй тургандыгын айтышкан. Иликтөө сойкулук мыйзамдуу болгон Швейцарияда жүргүзүлгөн.  

Лемилье өз отчетунда төмөндөгү маалыматтарды бөлүшкөн.

Сойкулардын орточо жашы — 32,1 жаш;

Кыздар сойкулук менен алектене баштаган жаш — 23,1;

Жумасына сойкулук менен алектенген күн — 4,3 күн;

Жумасына тейлеген кардарлардын саны — 13,5;

Жумасына алган маяна — 1305 доллар

Изилдөөнүн жыйынтыгында кыздардын 25,4 пайызы көчөлөрдө, калгандары атайын жайларда иштээри белгилүү болду. Суракка алынган 200 кыздын жарымы кесибин алмаштыргысы келерин билдирген.

Доктор Лемильенин иликтөөсүнүн жыйынтыгында кыздарды зордоп бул кесипке алып келген тууралуу пикирлер миф болуп чыкты.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/9621